Биз социалдык тармакта

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басары туризм тармагынан салык түшүүлөрдүн төмөндөшү орун алганын айтты

Ысык-Көлдө үймө-үй кыдырып текшерүүдө 2 миң 633 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда онлайн брифингде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев билдирди.

"Пандемия учурунда үймө-үй кыдыруу чоң өнөктүк болду. Облус боюнча 126 миң үй болсо, ошонун 119 миңине барышты. Үймө-үй кыдырууда 2 миң 633 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алар медициналык жардам алышкан. Учурда абал турукташып калды. Абалдын курчуп кетишине даяр болушубуз керек. Бул боюнча иштер жүрүп жатат", - дейт ал.

Мындан тышкары ал санитардык-эпидемиологиялык абалдын кесепетинен туризм тармагынан салык түшүүлөрдүн төмөндөшү орун алганын айтты. "Салыктын көлөмү июнь айына карата 63 пайызга, июль айында 42 пайызга төмөндөдү”, - деди Жантаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан