Биз социалдык тармакта

Сеулдан Бишкекке гуманитардык жүк жана жарандарыбыз кайтып келди

Бүгүн, 2-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунда Сеул-Бишкек каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Каттам менен өлкөгө Түштүк Корея Республикасынан 123 Кыргыз жараны учуп келди.

Бул каттам менен ошондой эле Түштүк Кореянын уюмдары тарабынан COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жардамдын алкагында, медициналык бет каптардан жана контактсыз термометрлерден турган гуманитардык жүк жеткирилди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып келүү боюнча президенттин жана өкмөттүн тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akoga
2020-09-03 05:24:32
Кайра кире албайт эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан