Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы макулдашуу мыйзам долбоору каралууда.
Учурда саат 11:22ге карата жыйында 20дай депутат отурат. Эртеңден баштап депутаттар шайлоого чейин тыныгуу алышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн жыйында шайлоого чейин эл менен жолугушуу үчүн токтом кабыл алууну сунуштаган.