Биз социалдык тармакта

Салык кызматы: "Жол боюнда бензин сатып жаткандар - ак ниетсиз сатуучулар"

Мамлекеттик салык кызматы автоунаа ээлерине күйүүчү майды май куюучу жайлардан гана сатып алууну сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, салык кызматы жол боюнда, маршруттук таксилер токтоочу жайларда жана башка жерлерде бензин сатып жаткан сатуучуларды ак ниетсиз сатуучулар деп белгилеп, алардын айдоочуларга сапатсыз бензин сатып жатканын билдирди.

"Ал сатуучулар өзүнүн товарын көбүнчө “АИ-92” жана “АИ-95” деп сатышат. Бирок иш жүзүндө бул октандын эң төмөнкү “АИ-76” жана “АИ-80” бензини экендигин рейддик иш-чаралар көрсөттү. Көчө соодагерлери "АИ-76" же "АИ-80" маркасындагы бензинди май куюучу жайлардан сатып алып, аны кайра башка марка деп сатышууда. Сапатсыз бензинди пайдалануу унаанын бузулушуна жана аны оңдоого кетүүчү чыгымдарга алып келет. Андыктан техникалык көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн атайын май куюучу жайлардан гана май куюуну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 1-июлдан тартып “Смарт Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу станциялар, анын ичинде авто газ куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялар башкаруунун автоматташтырылган системи менен иштей баштады. Башкаруунун автоматташтырылган системин орнотуу – май куюучу станциялардын мыйзамдуу түрдө иштөөсүнө кепилдик берет, ошондой эле контрабанда жана сапатсыз күйүүчү май сатуу менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akoga
2020-09-04 07:52:32
Май куйуучу жайларда ушүндай эле көрүнүш. Айырмасы жок. АИ 80 такай АИ 95 деп сатышат. Андан көрө Кыргызстанга таможныйдан өткөн АИ 92.АИ 95 бензини бар бекен. Оозуңду куу чөп менен ачып билдирүү таратканыңа барекелде. Андан көрө дөө шааларды тутсаң жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан