Биз социалдык тармакта

"Кыштын күнүндөй". Ак-Сай жайлоосуна кар жаады

Бүгүн, 3-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө кар жаады. Бул тууралуу күбөлөр илген сүрөт, видеолор интернет желесине тарады.

Анда интернет колдонуучулар "Ак-Сай бүгүн... Кудай малчы туугандарыбызга күч-кубат берсин, мал-жандын башы кемибесин..." деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырып, сүрөт тиркешкен.

Ал эми кээ бир социалдык тармактын колдонуучулары "Кечээтен бери калаада жаан жаап жатат деп нааразы болуп жатасызбы, анда Ак-Сайды караңыз, ал жакта эми кыш" деп позитивдүү ой-пикирлерди калтырышкан.

Белгилей кетсек, аталган жайлоонун тургундары үчүн бул чоң деле жаңылык эмес, алардын айтымында бул өрөөнгө кышы-жайы дебей кар жаай берет.

Ак-Сай жалоосуна бүгүн кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан