Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад, Токмок жана Балыкчы шаарлары Кытайдын бир катар шаарлары менен кызматташа баштайт

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз өлкөсү менен Кытай Эл Республикасынын бир катар шаарларынын ортосундагы өз ара карым-катнашты күчөтүп, тармактар аралык байланышты жандантуу максатындагы онлайн конференция өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык маанидеги алакаларын бекемдөөдө Кыргыз өлкөсүнөн Жалал-Абад, Токмок жана Балыкчы шаарлары тандалып алынганы, ал эми аларга өнөктөш катары Кытайдын Чжуншань, Хойчжоу шаарлары жана Бишань району тандалганы айтылат.
"Онлайн конференцияга Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Руслан Алтышымев катышып, Жалал-Абад шаарынын экономикалык, кайра иштетүү, өнөр-жай жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берди. Руслан Алтышымев кызматташуунун алкагында белгиленген тармактарды дагы да өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz_bloger
2020-09-04 00:10:24
Кытайдан башка олко жокпу дуйнодо?мнеге башка олколор менен дос болуп онуксок болбойт.
0
suban78
2020-09-04 05:49:51
Кытайлар каптап кетет деп эле жаман корсок керек. Бирок алар менен кызматташсак аябай эле пайдалуу,
0
KG-zigit
2020-09-04 07:36:14
Лолунун эшегин сугарып пулун ал...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан