Маалыматка ылайык, Бишкекте 9 балдар искусство мектеби жана бир балдар көркөм мектеби иштейт. Бул жерлерде балдарга жеке сабак өтүлүп, сабактарда эң көп 2-3 окуучу катышат.
"Бардык имараттар КОВИД-19дан коргонуу каражаттары менен жабдылып, имараттын ичи желдетилип, дезинфекцияланып турат", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, мурда ата-энелер, балдар жана мугалимдер мэрияга мектепте иштөөгө уруксат берүү боюнча кайрылышкан, себеби онлайн окутуулар чыгармачылыкка туура келбейт, экран аркылуу окутууларда аспаптардын үнү жакшы угулбай калгандыгын билдиришкен.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 28-августундагы №277 маданият жана искусство чөйрөсүндөгү балдардын билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында иштөөсү жөнүндө буйругуна ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен шаардык искусство мектептери офлайн режиминде иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.