Биз социалдык тармакта

Таласта жаңы мечит пайдаланууга берилди

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында “Хазрети Хамза” атындагы заманбап үлгүдөгү мечит ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев, Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым Сыдыков жана айылдын тургундары катышты.

Талас облусунун казысынын орун басары Касым Сыдыков өз сөзүндө жаңы курулган мечиттин ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, мечит ыймандын, адеп-ахлактын, ынтымактын башаты болуучу жайга айланышын айтып, элди ынтымакка жана биримдүүлүккө чакырды.

Белгилей кетсек, мечит “Ассанаабиль” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2020-09-04 17:54:56
Кытай япония, Корея, Германия сыяктуу олколорго барсан кадам сайын завод, фабрикаларды коросун, бизге окшогон мусулман олколорго барсан жайнаган мечит, анын бири да олконун экономикасына бир тыйынча пайдасы жок.
0
Nurbany
2020-09-05 07:48:31
Ka2sr1, туура ошол мечитке баргандардын кылган иши суйлогон созу жакшы болсочу,молдонун айтканын ук кылганын кылба,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан