Москвадан кайтуу үчүн билеттерди өз алдынча сатуу укугун "Авиатраффик", "Аэрофлот", "Сибирь", "Тез Жет" жана "Урал авиалиниялары" компаниялары алышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билеттер расмий кассаларда же компаниялардын сайттарында сатыкка чыгат.
Билеттерди төмөнкү жерлерден алса болот:
- "Авиатраффик" билеттерди иш күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин "Домодедово" эл аралык аэропортундагы №107 кассада сатат. Ал эми сайтында билеттерди онлайн ээлеп коюуга болот.
- "Аэрофлот". Кеңсе менен кассалардын даректери авиакомпаниянын расмий сайтында жайгашкан. Ошондой эле билеттер онлайн режиминде сатылат.
"Урал авиалиниялары" - Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:
Баса белгилей кетсек, элчилик билеттерди жеке кассалардан жана агенттиктерден, ошондой эле ортомчулар менен алып сатарлардан албоону эскертет.