Биз социалдык тармакта

Өлкөдө көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты

Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына китептер басылып чыгарылды. Каражат Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүндү.

"Жаңы окуу жылына карата мындагы билим алган 7-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китептер басылып чыкты", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан