Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча статистика

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктаганын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанциялык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3 миң 403 үй-бүлөнү сыналгы менен камсыздаган.

"Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1 миң 928 сыналгы жана 31 миң 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады", - деп жазылат маалыматта.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:

Облус/шаар

Канча окуучунун үйүндѳ сыналгы жок

Канча окуучунун ѳздүк уюлдук телефону жок

Талас облусу

0

6113

Ош облусу

85

235

Жалал-Абад облусу

264

953

Нарын облусу

119

54

Баткен облусу

238

2392

Ысык-Көл облусу

544

1137

Чүй облусу

1994

12606

Ош шаары

0

193

Бишкек шаары

350

7717

Республика боюнча

3594

31400

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
motavar
2020-09-04 22:27:08
Мектепти эле ачкылачы балдар кыйналышты онлайн окушуп.Копчулугу тушунбой жатышат.
+5
Aika1988
2020-09-05 13:29:37
motavar,Окугусу да келбейт экен балдар .Мектепке барсак болмок дешип.
0
Munir81
2020-09-04 23:03:40
Башты орутуго бул окуусу
+4
AdylbekB84
2020-09-05 00:05:10
Мектепти ачкыла, базарлар, банктар, баардык ишканалар, мечит, храмдар ачылды, маршрутка, автобустар каттап жатат эмнеге мектеп ачылбайт, санитардык гигиенаны сактагыла деп ачып койгула!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан