Шайлоого аттанып жаткан партиялар шайлоонун алдындагы иш-чаралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү керек. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.
"Саясий партиялар өзүнүн үгүт же башка иш-чараларын санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык өткөрүүгө милдеттүү жана 50дөн ашык кишини массалык түрдө чогултпашы керек. Саясий партиялар үгүт иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү зарыл", - деген ыйгарым укуктуу өкүл.
Бүгүн, 4-сентябрдан баштап шайлоого карата үгүт иштери башталды.