Биз социалдык тармакта

Бишкекте үйүн таппай, адашып кеткен 1-класстын окуучусу ата-энесине өткөрүп берилди

Бишкекте адашып кеткен 1-класстын окуучусу аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 6-кичи райондо окуучу кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барышканда, белгисиз жаран кичинекей кызды карап, милиция кызматкерлерин күтүп турган. Жарандын айтуусунда, кыз 1-класстын окуучусу, ал мектептен чыгып, үйүн таппай издеп жүргөн. Милиция кызматкерлери окуучу кызды билим алып жаткан мектепке алып барып, мугалимине жана кыздын апасына өткөрүп беришти", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан