Биз социалдык тармакта

6-8-сентябрь аралыгында өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт

6-сентябрдан 8-сентябрга чейин республиканын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Айрым тоолуу райондордо жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн экенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 22…27°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу болушу күтүлөт.

8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан