Ошто аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жатып качып кетти делинген жоокер аскер бөлүмүнө өзү кайтып келди. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
“Качып кетти делинген жоокер бүгүн өзү кайтып келди. Азырынча анын качып кетүүсү боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти Башкы штабдан.
Маалыматка ылайык, жоокердин качып кетүү себептерин аныктоо үчүн №36806 аскер бөлүмүнүн штабы жана Аскер прокуратурасы атайын иликтөө иштерин баштады.
Кечээ, 4-сентябрда Ошто аскер бөлүмүнөн ыкчам кызматтын жоокери качып кеткени айтылган. Окуя №36806 аскер бөлүмүндө орун алганы белгилүү болгон. Маалыматка караганда 20 жаштагы Н.Ж. жакынкы күндөрү кызматын аяктамак. Жоокер Чүй облусунун Ысык-Ата районунан чакырылган.