Биз социалдык тармакта

Катуу шамал болот. 7-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 7-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Талас, Баткен, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Бишкек шаарында 7-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +18…+20 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан