Биз социалдык тармакта

Ордо калаадагы "Аккула" ат майданы толугу менен шаарга кайтарылды

Бишкектеги "Аккула" ат майданы толугу менен шаарга кайтарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаевдин "Аккула" ат майданынын талаш жерлерин шаарга кайтаруу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөргөнү айтылат.

"Биз "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздүк. Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыймылсыз мүлк объектисине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат", - деген Тынаев.

Эскерте кетсек, "Аккула" ат майданы биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилген, анда ат майдандын 57 гектар жери сатылган. Экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган. 2017-жылы Бишкек мэриясы ат майдандын жерин муниципалитетке кайтаруу боюнча сотко кайрылган. Андан бери 50,9 гектар ат майдандын жери Бишкек мэриясына кайтарылган. Дагы 3,2 гектар жерди кайтаруу иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2020-09-07 14:44:48
Баардыгын мамлекетке откозуш керек, Завод фабрикалардын баардын менчиктештирип тоноп бутушкон 2000 жылдары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан