Бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо коронавируска каршы күрөшүүнүн негизги ыкмалары болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Чет өлкөлөрдөгү тажрыйба көрсөткөндөй, бет кап тагынуу режими жана социалдык аралыкты сактоо - COVID-19 менен күрөшүүнүн негизги ыкмалары болуп эсептелет”, - деди ал.