Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо" аянтында велосипедди ижарага берүү жайы алынды

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында велосипедди ижарага берүү жайы алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

"Дем алыш күн экенине карабастан, биздин команда мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү үчүн борбордук "Ала-Тоо" аянтына чыгышты. Биз велосипедди ижарага берүү жана көчө оюндары боюнча 13 түйүндү алдык", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан