Бишкекте райондук акимиаттардын кызматкерлери Жаш Гвардия бульварын баш аламан соода сатыктан тазалашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бир нече мыйзам бузуулар, анын ичинде мыйзамсыз батуттар орнотулгандыгы аныкталды. Батут ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, өз ыктыяры менен алып салынды. Бир күндүн ичинде үч батут алынды. Мындан тышкары бульвардын жээгинде суусундук жана бал муздак саткандар менен сүйлөшүп, тамак-аш, азыктарды жерге коюп сатууга болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерден соода эрежелерин сактоону өтүнөт.