Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Казак чек ара тилкесиндеги "Каркыра" өткөрмө бекети иштей баштады

Бүгүн, 7-сентябрдан баштап Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекети кайра иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө бекети күндүзгү убакта саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. "Каркыра" өткөрмө бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

"Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргыз өлкөсүнүн жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга барарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми чек ара кызматы бекетте электрондук виза боюнча эч ким өткөрүлбөй турганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан