Биз социалдык тармакта

Кээ бир облустарда үшүк жүрөт. 8-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 8-сентябрда Кыргыз өлкөсүндө түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

8-сентябрда түнкүсүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Талас жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +17…+22;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, чыгышында 0...-2 градуска чейин үшүк жүрөт, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6 градуска чейин үшүк жүрөт, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +24…+25 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан