Өлкөдө балдарды асырап алуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Эми жарандар баланы багып алуу үчүн документтерин Мамлекеттик кызматтар порталы www.e.gov.kg аркылуу берсе болот. Ал эми баланы багып алуу боюнча корутундуну берүү мөөнөтү 14 күндөн 7 күнгө кыскартылды.
Мындан тышкары "MegaРay" мобилдик тиркемесинде "Бала асырап алуучу катары каттоого туруу үчүн арыз берүү" кызматы жайгаштырылган", - деп айтылат маалыматта.