Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик жөлөк пулду дайындоодо жарандардан 8 маалым катты талап кылуу алып салынды (тизме)

Санариптештирүү жылынын алкагында мамлекеттик жөлөк пулду дайындоо үчүн жарандардан 8 маалым катты талап кылуу алып салынды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, төмөндөгү документтер алынганы айтылат:

  1. паспорт;
  2. пенсия алууга укугу жок экендиги жөнүндө маалым кат;
  3. камсыздандыруу салымдарынын суммасы жана көлөмү жөнүндө маалым кат;
  4. ишкердик тууралуу маалым кат;
  5. патенттин наркынын суммасы;
  6. туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
  7. үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгондугу тууралуу күбөлүк;
  8. кыймылдуу мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалым кат;

Ушул жылы мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө даярдыгына жараша министрлик тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын маалым каттарынын 2 түрүнөн кем эмес электрондук форматка которуу пландаштырылып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boston___
2020-09-07 22:38:13
справка берген жеп жутарлар эмне кылат эми
+4
Sakubek
2020-09-07 23:42:26
Анан дагы 8и калдыбы
+3
bond0202
2020-09-08 07:23:42
Ишенбейм.шайлоого карата элди алдоо
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан