Биз социалдык тармакта

Бишкекте 4 жашар кыз жоголуп, кайра табылды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен кичинекей кызды таап беришти. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 11:10 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Алыкулов менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып 2016-жылы туулган Т.М. аттуу кичинекей кыз дайынсыз болуп изделип жатканын аныкташкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, жыйынтыгында аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, апасына сак саламат өткөрүп беришкен.

Өз кезегинди кичинекей кыздын апасы кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан