Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Жалал-Абадда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарда менчик бала бакчалардын иштөөсүнө шаардык штаб тарабынан уруксат берилди. Ошондой эле санитардык эрежелерди так сактоо менен бир тайпада балдардын санын 12ден 15 балага чейин кабыл алууга уруксат берилди.
"Ал эми муниципалдык бала бакчаларды кийинки аптадан баштап ачуу пландалууда. Ага чейин атайын комиссия бакчаларга барып, санитардык нормаларды текшеришет. Ошондой эле оорунун жайылуусунун алдын-алуу максатында балдардын санына чектөө киргизилет", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sancho-
2020-09-07 19:32:36
Ош шаарында качан ачылат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан