Биз социалдык тармакта

Мектеп окуучуларынын каникул күндөрү белгилүү болду

Мектеп окуучуларынын жаңы окуу жылындагы каникул күндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан Акылбек Орозматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Жалпы билим берүү мекемелеринин базистик окуу пландары тууралуу буйрукка ылайык, күзгү эс алуу күндөрү 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин болот. Кышкы каникул 30-декабрда башталып, 11-январда соңуна чыгат. Ал эми жазгы эс алууга мектеп окуучулары 22-мартта чыгып, окуу 31-мартта уланат. Үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул шаардык, райондук билим берүү мекемелери менен макулдашылып берилет", - деп билдирди Акылбек Орозматов.

Белгилей кетсек, коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калган класстар баары аралыктан билим алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursul
2020-09-07 20:36:16
Майга чейин ушунтип онлайн окушабы? Көп окучуларды көрүп атам онлайн сабак бере элек дешүүдө жөн эле сабактан артта калып жатышат балдар онлайн окуйун десе телевизор тартпайт же интернет жок жерлер көп алардын балдары эмне болушат.
+1
nazira...
2020-09-08 08:41:27
Тушунуксуз. Тойгозушту, ортодо балдар да бузулду, окууга кызыгуусу жок. Тел.чукулай берип зрениясы да олмой болду.
+3
ai_bi0914
2020-09-08 13:49:56
nazira...,туура айтасыз.
0
Mylatka..
2020-09-08 16:21:29
Ошондо Бир Айдан кийин ,эки Айдан кийин мектеп ачылат деген созунор жалган ,адамдарды соороту элеби ,бул календар менен жыл аягына чейин онлайн болот дегенинерби???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан