Биз социалдык тармакта

Футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кадыр" медалы менен сыйланды

Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жана таланттуу футболчусу Гүлжигит Алыкулов Жазаларды аткаруу кызматынын "Кадыр" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы кайтаруу жана күзөтүү департаментинде стоматолог бөлмөсү ачылган. Ошол ачылган бөлмөгө Гүлжигит Алыкулов жана башка адамдар өз салымдарын кошкон. Алардын бардыгы ЖАМКнын "Кадыр" медалы менен сыйланды", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Гүлжигит Алыкулов учурда Казакстандын "Кайрат" клубунда ойнойт. Футболчу барган сайын командадагы негизги оюнчулардын курамына кирип, көзгө толумдуу оюну менен ийгиликтерди жаратып келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tiken
2020-09-08 16:27:11
Атанын уулу!!! Сыймыктанабыз!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан