Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында рейд жүргүзүп, декларациясыз жана идиштин көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар менен сатуу максатында сакталып турган алкоголдук продукцияны аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп ар кандай аталыштагы жана идиштеги 6 миң 587 бөтөлкө табылган.
Ишкерлерге карата тийиштүү чаралар көрүлгөн.