"Бишкек жашылдандыруу" ишканасы Тыналиев көчөсүн жашылдандыруу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Масалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы жерде газон өстүрүлүп, бак-дарактар тигилди. "Биринчи этапта муниципалдык ишкананын кызматкерлери таштандыларды тазалап, топурак түшүрүп тегиздешти. 5 миң чарчы метрге газон чөптөрү себилди", - деп белгиледи муниципалитет.
Мэрия буга чейин аталган жерде сугат иштери болгонун кошумчалады.