Бүгүн, 8-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырган. Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин кино актёр жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.