Биз социалдык тармакта

Чүйдө унаа менен каналга түшүп кеткен жарандардын жансыз денелери табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа менен каналга түшүп кеткен жарандардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан бүгүн, 9-сентябрда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүнө Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада 1989-жылы туулган эркек киши жана 1984-жылы туулган аял киши болгон.

"Издөө иштерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан