Биз социалдык тармакта

"Жаан-чачын жаабайт". 10-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 10-сентябрда түнкүсүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​ Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +22…+27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан