Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 9-сентябрда Ош облусуна болгон иш сапары менен жүрөт.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы аймактарга болгон бардык иш сапарларында саламаттыкты сактоо, билим берүү, сот системасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары системаларын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышып чыгууда.
Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен өлкөнү санариптештирүү экинчи жыл катары менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталган.