2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын акча алмашуу рыногу үчүн маанилүү окуя болот. "Салым Финанс" микрофинансылык компаниясы алгачкылардан болуп акцияларын IPO'го алып чыгат. "Салым Финанс" компаниясынын төрагасы Мирлан Кулов компания кантип IPO'до пионер болууну чечкендигин, компаниянын күтүүлөрү жөнүндө жана потенциалдуу инвесторлорго тийгизген артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.
- Мирлан Темирланович, "Салым Финанс" компаниясы тууралуу айтып берсеңиз?
- "Салым Финанс" микрофинансылык компаниясы 13 жылдан бери иштеп келе жатат. Башында капитал анча көп эмес, тактап айтканда 5 миллион сомду түзчү. Андан кийин биз аны ырааттуу көбөйттүк. Бул жылдар аралыгында компания кандайча өстү?
Мисалы, 2010-жылы биздин активдер 80 миллион сомду түзсө, азыр 3 миллиард сомго жетти. Башкача айтканда, акыркы 10 жылда активдер болжол менен 40 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда корпоративдик башкарууну жана маданиятты калыптандыруу жаатында көп иштедик. Албетте, сапарыбыздын башында биз чакан компания болгонбуз, азыр микрофинансылык секторлордун лидерлеринин тобуна кирдик. Биздин негизги иш-аракеттерибиз - насыя берүү жана депозиттерди тартуу.
- IPO'го чыгуу деген эмнени түшүндүрөт? Себеби көпчүлүк кыргызстандыктар бул кандай процесс экенин билбесе керек.
Акцияларды IPO'го чыгаруу бул "Салым Финанс" акцияларын ачык сунуштоо демилгеси дегенди билдирет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз өз акцияларыбызды сатууну эл алдында сунуштай алабыз. Бизге каржылык туруктуулук үчүн капитал керек. Биз ал үчүн рынокка чыгып, акцияларыбызды сатабыз жана ушуга байланыштуу кошумча капитал түзөбүз. Коомчулукка сунуштоонун жана жайгаштыруунун негизги принциптерин сактоо боюнча мындай тажрыйба Кыргызстанда азырынча боло элек. Мындай ыкма ири компанияларды куруу, иштин масштабын жогорулатуу үчүн колдонулат.
Учурдагы эл аралык тажрыйбага ылайык, бизнести өнүктүрүү - фондулук рыноктордун капиталын жана каржылоо булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жолу менен жүрөт, ошонун негизинде баарыбыз көрүп, билип жаткандай эле дүйнөдө технологиялык компаниялардын өсүшү, өнүгүүсү жаңы көз караш, жаңы жашоо образын түзүп жатат.
- Компания IPO'го чыгуу үчүн канча убакыт керектелди?
- Акыркы 5 жыл. IPO'го чыгуу үчүн компания учурдагы акционерлердин каалоосу жана институционалдык жактан жетилген болушу керек. Акыркы бир жарым жылдын ичинде практикалык жана мыйзамдуу иш-чаралар, чечимдерди кабыл алуу, акционерлер менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлдү.
- IPO'го чыгуудагы компаниянын күтүүлөрү жөнүндө айтып берсеңиз?
- Жакшы жыйынтык болууда. IPO'го чыкканга чейин баалуу кагаздар базарында 5 жылдан бери, тактап айтканда 2015-жылдан бери иштеп келе жатабыз. Биз облигацияларды чыгардык. Биз рынок сегменти кандай иштейт, ал жакта сатып алуучулар барбы, калк жаңы ыкмаларга кызыгабы деп карап көрдүк. Жалпы суммасы 300 миллион сомго беш облигация эмиссиясын чыгардык. Алардын көпчүлүгү төлөнүп бүттү. Башкача айтканда, адамдар баалуу кагаздар, анын ичинде облигацияларга жана акциялар сыяктуу жаңы ыкмаларга кызыкдар экендигин көрдүк. Демек, суроо-талап болот деген ойдобуз. Ансыз деле жарандардан жана ишканалардан кызыгуу болуп жатат деген белгилер болуп жатат. Акциялардын айрымдары брондолуп башталды. Балким, каалоочулар көп болуп, акциялар каалоочуларга толук жетпей калышы мүмкүн.