Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбору баш аламан жайгашкан оюн-зооктордон тазаланды

Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянты жана "Панфилов" сейил багы баш аламан жайгашкан оюн-зоок уюштуруучуларынан жана сатуучулардан тазаланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биринчи Май районунун кызматкерлери Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте "Ала-Тоо" аянтына жана "Панфилов" сейил багына рейд жүргүздү. Жыйынтыгында 10го жакын оюн пункттары жоюлуп, ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле мэрия балдардын ден соолугуна коркунуч келтирген жана газондорду бузуп жаткан батуттарды койбоону эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан