Кыргыз өлкөсү Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин "Jazeera Airways" авиакомпаниясы "Бишкек - Эль-Кувейт" багыты боюнча каттай баштады.
Аталган багыт боюнча каттам аптасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.