Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК ВИДЕО: "Мигрант болуп жүрүп аялымды, баламды жоготтум. Суранам, добушуңарды сатпагылачы!". Орусиядагы кыргыз мигранттын ыйы

Социалдык тармактарда Москва шаарында иштеген кыргыз жигити алдыдагы келе жаткан шайлоодо добуш сатпоону өтүнүп көзүнө жаш алган видео тарады.

"2006-жылдан бери мигрант болуп жүрөм. Мигрант болуп жүрүп аялымдан, үчүнчү баламдан ажырадым. Биз дагы өз жерибизде иштегибиз келет. Шайлоодо алган акчаңар эч нерсени чечпейт. Суранам сиздерден добушуңуздарды сатпаңыздарчы. Ар кимибиз өзүбүздү тыйып, жүрөгүбүздөн чыкканды шайлайлы. Суранам сиздерден", - деп көзүнө жаш алган кыргыз жигити.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Орусияда мигрант болуп жүргөн кыргыз жигити шайлоодо добуш сатпоону өтүнүп көзүнө жаш алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
mirlanpiter
2020-09-10 13:37:45
Жан дүйнөнүн ачуу кыйкырыгы,ар бир кыргыздын патриот баласынын оюу ушундай болушу кажет.мен колдойм!!!!
+12
Nurik1988
2020-09-10 13:45:44
Не дешти да билбей калдым, уже сатылганы сатылып акчасын алып жеп аш кылып койду, паспортун берип койгондор бар Келечекти ойлонбой
+12
Jibakana
2020-09-10 14:32:33
Nurik1988,оа ар Ким ар кимге шылташат неге акча алдын десен башкалар деле алды го менден башкалары деле акча алды го дешет мен акча алсам эч нерсе болбойт деп коюшат,кайсы Бир партия келиптир районго скорыйдын машынасын алып беребиз бизди шайлагыла деп,байкуш ишенгендер макул болуп паспорт берип акчасын алды Эми кидайтетип кетпесе болду шайлоо буткондо
+3
Nurik1988
2020-09-10 13:47:01
Козго жаш келип журок ыйлатып жибердин бир тууганым
+10
Senator
2020-09-10 14:09:26
Эмиль тууган ыйлаба Эл Эми тушунуп калды
+8
muku.85
2020-09-10 14:10:31
Бизде куноонун баары БШК да кайсы жылы экенин эстей албай атам Бутун Кыргызстан менен Ата Мекендин оордун коз коруно алмаштырып койушкан.
+3
Ka2sr1
2020-09-10 14:13:01
Бутун Кыргызстан эл кырылып, кыйналып жатканда кайда журду эле. Бутун Кыргызстандын элге бир тыйынча пайдасы жок.
-4
AdylbekB84
2020-09-10 14:17:52
Ушунусунда сатпаса керек элдер менимче, элдер дагы түшүнүп жеттиго деймин! Ушуга окшогон роликтерди ар бир райондун, шаардын твларынан, газета, журналдарынан, радиолорунан тынбай берип турсаго.
+2
satarovkubacom
2020-09-10 18:16:10
Ассалоому алейкум!!!
Бул бала да чын журогунон ыйлап айтып жатат Азамат голос сатылбасын!!
Бирок менде суроо бар?
Мен кимди шайлашым керек, албетте мен сатылбайм и сатбайм, сат дегендерге угутобойм, биз кимди шайлашыбыз керек? Жаштар таза иштеген ким бар? Ошончо партия бар экен кимди добушумду сатбай шайлашым керек? Мага жооп кылып койгулачы? Таза иштейт ушуну шайла деп Ким кенеш берет?
Бизде баардык партияда эле Акаев Бакиев кезинен эле иштеп келе жаткандар бар экенго?
Болг
+3
akmanai
2020-09-11 02:12:06
Мен бул окуяга оз козум менен кубо болдум. Партияда кимдер бар? Эмне жумуш кылат? - деп сурабай туруп сатылып кеткендерди коргондо окуруп ыйлагым келди зээним кейигенинен. Мен уже ишенбей калдым. Таза шайлоого
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан