7-9-сентябрь күндөрү “Салам, мектеп!” аттуу профилактикалык иш-чарасы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Ленин райондук акимчилигинин социалдык өнүгүү бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул иш-чаранын максаты - жашы жете элек балдарды иштетпөө жана окубаган балдардын билим алуусуна кенен мүмкүнчүлүк берүү. Иш-чарада соода борборлорунда, дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана башка жерлерде иштеген балдарды аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жашы жете элек 25 өспүрүм ата-энелеринин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда аныкталды", - деп билдиришти райондук милициядан.
Ошондой эле алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөргө, туугандарына түшүндүрүү жана алдын алуу боюнча баарлашуу өткөрүлдү.
Ленин РИИБи жарандарды балдар эмгегин колдонбоого жана балдардын билим алуусуна, айрыкча окуу мезгилинде тоскоолдук кылбоого чакырат.