Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Миргүл Эмишовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырган. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирген.
"Мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү үчүн үйүнө чакырган. Сабак 15 мүнөткө созулуп, андан бери Миргүл Эмишова кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызарлыгын, дилгирлигин баалайт", - деп билдиришти аталган мекемеден.