Өзгөндө каза болгон таксист муунтулганын экспертиза аныктады

Өзгөн шаарында өспүрүмдөр тарабынан өлтүрүлдү делген таксисттин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспертиза маркум муунтулуп өлтүрүлгөн деген жыйынтык чыгарган.

"Жакынкы аралыкта иш сотко өтөт", - деди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан