Ош облусунун Өзгөн районунда таксистти өлтүргөнгө шектелип 5 жаран кармалды. Шектүүлөрдүн бири 15 жаштагы өспүрүм. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя төмөндөгүдөй орун алганын Ош ОИИБинен билдиришти: "19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен".
Бул ишке шектүү катары 15, 16, 17 жаштагы балдар кармалган. Алар алгачкы териштирүүдө жогорудагы маалыматты айтып беришкен. Учурда убактылуу кармоочу жайга 4 жаран киргизилип, ал эми 15 жаштагы өспүрүмдүн жашы жете элек болгондуктан үй камагына чыгарылган.
Учурда териштирүү иштери башталып, алардын баш коргоо чарасы каралууда.