Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.