Чүйдүн Сокулук районунда 18 жаштагы Мадинахон Шарапова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал ушул жылдын 16-май күнү Ново-Пакровка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.
Кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү жынсы, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Кимде ким Мадинахон Шарапова тууралуу маалымат билсе же көрүп, билген болсо төмөнкү номерлерге чалууну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14.