Биз социалдык тармакта

ӨКМнын жетимиштей кызматкери коронавирус боюнча окуудан өтүштү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетимиштен ашык кызматкери COVID-19 боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Сагынбек Уезбаев COVID-19 вирустук оору боюнча онлайн форматында кызматкерлерди окуткан.

«Таажы вирусун алдын алуу, дарылоо принциптери, реабилитациялоо жолдору тууралуу маалымат бердим. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп бердим. Экинчи толкун жана COVID-19 менен ооруган адам кайра дагы ооруйбу деген суроолорду беришти», - деген Уезбаев.

Буга чейин да башка тармактардын кызматкерлерине COVID-19 вирусу боюнча онлайн окутууларды өткөрүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан