Биз социалдык тармакта

Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 12-сентябрга карата аба ырайы

Эртең,12-сентябрда Кыргыз өлкөсүндө түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +15…+20;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +10…+12°, күндүзгү жогорку температурасы +22…+24° болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан