Биз социалдык тармакта

Улуттук статистика комитети: "Азыркы учурда эл каттоону өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргөн жок"

Азыркы мезгилде эл каттоону өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргөн жок. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" өкмөттүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улуттук статистика комитетинин эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдалган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган", - деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышат деген маалымат пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beks0207
2020-09-12 00:51:19
ооба мен паспортум менен бишкектин бир жерине мектепке барып каттоого турдум
0
Nurik1988
2020-09-12 04:07:05
Уже катталганы катталып калды акча берип алып кетип атат паспорту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан