207 мектеп китеби электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы "Жаңы китеп" мекемеси мектеп окуучулары үчүн төрт тилдеги (кыргыз, орус, өзбек, тажик) 207 китепти электрондук форматка өткөрдү.
Китептер http://kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасында жеткиликтүү.
Мындан сыртары IT штаб менен биргеликте кыска убакытта https://oku.edu.gov.kg/ билим берүү порталына кыргыз жана орус тилдеринде 500дөн ашык телесабактар жүктөлдү.