Биз социалдык тармакта

"Коопсуз шаар": Жалал-Абадда жол сызыктары сызылууда

Жалал-Абад шаарында жол сызыктары сызылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ленин көчөсүнүн Кыргыз Республикасы көчөсүнөн Курманбек көчөсүнө чейинки аралыгындагы жол сызыктары жаңыланып жатат. Ал үчүн мэриянын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасына атайын аппарат сатып алынган. Жаңы аппарат негизги көчөлөргө, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо пайдаланылууда. Жумушчу топ унааларга тоскоолдук жаратпоо үчүн саат 23:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол сызыктарын сызуу, жол чырактарын орнотуу иштерин шаардык бийлик ишке ашырат. Жалал-Абадда 12 көчөгө коопсуз шаар камералары орнотулары пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madanbekeshbaev
2020-09-12 12:14:09
Коопсуз шаарга шылтабай эле Боронов келет деп сызып атышат да...
0
zevs
2020-09-12 22:48:57
Toktogul kochosun indop koygulachy bay bolgurlar.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан