Үч ай ичинде коомдук транспортторго 519 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришет.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр киргизилгенден тартып, тагыраагы, 1-июндан 10-сентябрга чейин санитардык текшерүүдөн 3 миң 981 транспорттук каражат өткөрүлүп, 284 протокол түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 519 миң сомду түздү.
"Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, патрулдук милициянын жана Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорттук инспекциянын кызматкерлери менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттордун санитардык абалын текшерип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет", - деп жазылат билдирүүдө.